Коом

Ислам уюмунун алдында агрардык академиялар бирикмеси түзүлдү

Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмунун алдында Агрардык илимдер академияларынын ассоциациясы түзүлдү. 


Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмунун алдында Агрардык илимдер академияларынын ассоциациясы түзүлдү. Анын алгачкы мүчөлөрү катары Казакстан менен Тажикстан катталды. Борбор калаада өткөн эл аралык агро-биотехнологиялар форумунун жүрүшүндө тараптар кызматташуу боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюшту. Мындан ары жаңы бирикменин мүчөлөрү айыл чарбасын илимий жактан биргелешип өнүктүрүүгө макулдашышты. Башкача айтканда, мал чарба жана дыйканчылык чарбаларына ылайыктуу заманбап ыкмаларды талдап, тажрыйба алмашат. Маселен, казактын ак баш уйлары  менен Едилбей койлорун Тажикстандын тоолуу аймактарына, ал эми гиссар эчкилерин казак талааларына ылайыкташтыруу көздөлүп жатат. Кызматташтык асыл тукумдуу мал жандыктарын алмашуу менен гана чектелбейт.

Ерлан Байдаулет, азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмунун башкы мүдүрү:

Тажикстандын 7% гана жери тоолуу аймакка кирбейт. Ал Фергана шаарында жайгашкан. Тажик окумуштуулары биздин катышуубуз менен ошол аймактан атайын жер бөлүп, буудайдын казак сортторун чыгарууга аракет кылып жатышат. Бизде Ислам азык-түлүк коопсуздугу уюмунун бир нече программалары бар. Ошол стратегиялык программалардын бири – бул буудай маселесин өнүктүрүү. Биз колубуздан келгендин баарын жасайбыз. Ушундай реалдуу иштерди жасай баштайбыз деп ойлойбуз.

Тилектес Есполов, айыл чарба илимий академиясынын президенти:

Биз чыныгы дыйканчылыкта, мал чарбачылыгында генетикалык ресурстар менен иштеп, Казакстанда генетикалык банк түзүшүбүз керек, башкача айтканда, аларды сактай турган генетикалык фонд түзүшүбүз зарыл. Буга чейин түзүлгөн бардык генетикалык корубуз келечек үчүн сакталышы керек. Бул жагынан бизде бир топ иштер аткарылып жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

Президент ШКУга мүчө мамлекет башчылары кеңешинин жыйынына катышты

Казакстан ШКУнун глобалдык ролун бекемдөөгө салым кошо алат. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында билдирди.


Казакстан ШКУнун глобалдык ролун бекемдөөгө салым кошо алат. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында билдирди. Эми Казакстан беделдүү уюмга төрагалык кылат. Буга байланыштуу бир катар сунуштар айтылды. Тактап айтканда, мамлекет башчысы соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүү багытында биргелешкен инвестициялык фонд түзүүнү сунуштады. Бул жааттта “Астана” эл аралык каржы борбору ШКУнун аймактык долбоорлоруна түз жана портфелдик инвестицияларды шыктандыруу үчүн эффективдүү аянтча боло алат. Транспорттук-транзиттик дараметти өнүктүрбөй туруп, экономикалык кызматташуу мүмкүн эместиги түшүнүктүү. Буга байланыштуу Касым-Жомарт Токаев ири стратегиялык порттордун жана логистикалык борборлордун өнөктөштүк тармагын түзүүнү сунуштады. Уюмга мүчө мамлекеттердин арасында эң маанилүү маселелердин бири санариптик кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

Казакстан санариптик хаб катары ШКУ мейкиндигинде өз кызматтарын сунуштайт. Ошондуктан 2024-жылы Астанада ШКУнун санарип форумун өткөрүү маанилүү деп эсептейм. Бул жаатта аталган жыйынды технопарктардын жана инновациялык кластерлердин пулунун Жетектөөчү комитетинин биринчи отуруму менен бириктирүүгө болот.Белгилей кетсек, Шанхай Кызматташтык Уюму жылдан жылга географиялык аймагын кеңейтүүдө. Иран уюмга толук кандуу мүчө мамлекет макамына ээ болду. Ал эми кийинки кезек Беларусь Республикасында. Жалпысынан ШКУ мамлекеттери дүйнөлүк ИДӨнүн төрттөн бир бөлүгүн түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

Касым-Жомарт Токаев АКШнын Эгемендүүлүк күнүнө карата Джозеф Байденге куттукттоо катын жолдоду

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев АКШ президенти Джозеф Байденди жана Америка элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.


Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев АКШ президенти Джозеф Байденди жана Америка элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Президент Казакстан менен Американын коопсуздук, энергетика, инвестиция тартуу, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы мамилелер чөйрөсүндө кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк тез өнүгүп жатканын белгиледи. Мамлекет башчысы өз телеграммасында Борбор Азия аймагынын коопсуздугун жана өз ара мамилелерин чыңдоого көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков