Жаңылыктар

Ислам уюмунун алдында агрардык академиялар бирикмеси түзүлдү

Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмунун алдында Агрардык илимдер академияларынын ассоциациясы түзүлдү. 


Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмунун алдында Агрардык илимдер академияларынын ассоциациясы түзүлдү. Анын алгачкы мүчөлөрү катары Казакстан менен Тажикстан катталды. Борбор калаада өткөн эл аралык агро-биотехнологиялар форумунун жүрүшүндө тараптар кызматташуу боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюшту. Мындан ары жаңы бирикменин мүчөлөрү айыл чарбасын илимий жактан биргелешип өнүктүрүүгө макулдашышты. Башкача айтканда, мал чарба жана дыйканчылык чарбаларына ылайыктуу заманбап ыкмаларды талдап, тажрыйба алмашат. Маселен, казактын ак баш уйлары  менен Едилбей койлорун Тажикстандын тоолуу аймактарына, ал эми гиссар эчкилерин казак талааларына ылайыкташтыруу көздөлүп жатат. Кызматташтык асыл тукумдуу мал жандыктарын алмашуу менен гана чектелбейт.

Ерлан Байдаулет, азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмунун башкы мүдүрү:

Тажикстандын 7% гана жери тоолуу аймакка кирбейт. Ал Фергана шаарында жайгашкан. Тажик окумуштуулары биздин катышуубуз менен ошол аймактан атайын жер бөлүп, буудайдын казак сортторун чыгарууга аракет кылып жатышат. Бизде Ислам азык-түлүк коопсуздугу уюмунун бир нече программалары бар. Ошол стратегиялык программалардын бири – бул буудай маселесин өнүктүрүү. Биз колубуздан келгендин баарын жасайбыз. Ушундай реалдуу иштерди жасай баштайбыз деп ойлойбуз.

Тилектес Есполов, айыл чарба илимий академиясынын президенти:

Биз чыныгы дыйканчылыкта, мал чарбачылыгында генетикалык ресурстар менен иштеп, Казакстанда генетикалык банк түзүшүбүз керек, башкача айтканда, аларды сактай турган генетикалык фонд түзүшүбүз зарыл. Буга чейин түзүлгөн бардык генетикалык корубуз келечек үчүн сакталышы керек. Бул жагынан бизде бир топ иштер аткарылып жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков